Бай Алай

Алай жана Чоң-Алай райондорунда чакан бизнести өнүктүрүү жана киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү түзүү боюнча «Бай Алай» программасы (мындан ары — «Долбоор») Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык башкармалыгы (SDC) аркылуу каржыланат. Долбоорду Хельветас Кыргызстан уюму Ага Хан Фонду (АКФ) жана Кыргыз Республикасындагы Тоолуу жамааттарды өнүктүрүүнү колдоо программасы (MSDSP KG) менен биргеликте (алдыңкы тең-координатор катары) консорциумда ишке ашырат.

Долбоор өз ишмердүүлүгүн Ош облусунун Тажикстан жана Кытай менен чектешкен Алай жана Чоң-Алай райондорунда жүргүзөт. Бул эки райондун калкынын жалпы саны болжол менен 100 000 адамды түзөт.

Долбоордун максаты — өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана тандалган секторлордогу өндүрүүчүлөр менен чакан ишканалардын сатуу көлөмүн көбөйтүү (i), ошондой эле аялдар менен жаштар жетектеген жаңы ишканаларды түзүү жана иштеп жаткандарынын жүгүртүү капиталын арттыруу (ii) аркылуу, өзгөчө аялдар жана жаштар үчүн кирешелерди жана жумуштуулукту (анын ичинде өзүн-өзү жумуш менен камсыздоону) көбөйтүү. Бул аркылуу Алай жана Чоң-Алайдагы үй чарбаларынын өндүрүшүн экономикалык интеграциялоону жогорулатуу пландалууда.

Бул натыйжаларга жетишүү үчүн Долбоордун стратегиясы:

II Фазада Долбоордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары төмөнкүлөр болот:

Мал чарбачылыгы (ири мүйүздүү мал), аарычылык, кол өнөрчүлүк жана туризм секторлорун системалуу түрдө жакшыртуу, ошондой эле калктын аз камсыз болгон катмарынын кирешесин жана эмгек акысын жогорулатуу максатында бул тармактарды өнүктүрүүнү колдоо.

  1. 2)Жаңы ачылып жаткан фермердик жана фермердик эмес чакан жана микроишканаларга, анын ичинде жаштар менен аялдар жетектеген жаңы ишканаларга бизнес-консультациялык кызматтарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.

 

Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнү илгерилетүүдө рыноктун катышуучуларынын потенциалын бекемдөө.

Долбоордун негизги ыкмасы болуп MSD (рыноктук системаларды өнүктүрүү) ыкмасы саналат. Ал рыноктун катышуучулары тарабынан ишке ашырылуучу системалык өзгөрүүлөргө көмөктөшүү аркылуу туруктуу жана масштабдуу натыйжаларга жетишүү үчүн негиз түзөт. Рыноктун катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу жана стимулдарды түзүү аркылуу, Долбоор тандалып алынган ар бир подсектордогу негизги чектөөлөрдү четтетүүгө багытталган туруктуу чечимдерди иштеп чыгууда рыноктун катышуучуларына колдоо көрсөтөт.

Долбоордун негизги максаттуу тобу болуп Долбоор иштеп жаткан секторлордо өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн, ишкердик мүнөздөгү көптөгөн чакан ишканалар жана үй чарбалары, анын ичинде фермердик чарбалар саналат. Экинчи даражадагы максаттуу топ — бул сектордун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуучу жана акыр аягында негизги максаттуу топко жогорку киреше табуу жана жумуш орундарын түзүү түрүндө пайда алып келүүчү көмөкчү кызматтарды же жөнгө салуучу функцияларды көрсөтүү үчүн инновациялык бизнес-моделдерге катышкан бардык жеке же мамлекеттик рыноктун катышуучулары. Ошентип, баштапкы максаттуу топтун катышуучулары оң системалык өзгөрүүлөрдү жаратышат, натыйжада пайда алардын өздөрү үчүн гана эмес, чакан бизнес жана фермердик чарбалар үчүн да түзүлөт.

2-фазада «Бай Алай» программасы төмөнкүдөй секторлор аралык компоненттерге өзгөчө көңүл бурат:

Бизнести өнүктүрүү кызматтары:

Өзүнүн биринчи фазасында Долбоор жергиликтүү экономикага жаштар менен аялдардын катышуусун күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурган:

1)Жаштар менен аялдарга багытталган жаңы микро жана чакан ишканаларды түзүүгө көмөктөшүү;

2)Иштеп жаткан ишканаларда сатуу көлөмүн жана жумуштуулукту жогорулатуу;

3)Алай ишкер аялдар ассоциациясынын (АИАА) өнүгүшүнө көмөктөшүү. Аялдар менен жаштардын экономикалык интеграциясы, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана катышуусу Алай жана Чоң-Алай райондорунун калкынын жашоо шарттарын (тиричилик каражаттарын) жакшыртуу үчүн өзгөчө мааниге ээ.

I Фазанын натыйжаларына таянуу менен, Долбоор аймактагы тиешелүү бизнести өнүктүрүү кызматтарын (БӨК) көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда байланыштарды түзүүгө жана чыңдоого көмөктөшөт. Мындан тышкары, Долбоор жаңы ишканалар, ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн жергиликтүү акы төлөнүүчү кызматтарга багытталган консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү насаатчылардын (менторлордун) потенциалын жогорулатат. Ошондой эле, Долбоордун эдвокаси (укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоо) компоненти аймактын узак мөөнөттүү өнүгүүсүн колдоо үчүн жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жеке ишкерлердин толук потенциалын ачууга багытталган механизмдердин түзүлүшүн камсыз кылат.

Каржылык өнүмдөргө (продуктыларга) жеткиликтүүлүктү жакшыртуу:

 

«Бай Алай» программасынын каржы секторундагы фокусу тандалып алынган төрт сектордогу бизнес стартаптарды каржылоого багытталат. Ошондой эле, программа Алай жана Чоң-Алай райондорунда каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыздоо жаатында учурда иштеп жаткан башка долбоорлор менен синергияны (биргелешкен аракеттерди) жигердүү изилдейт. Алдыңкы ири фирмалар кошумча нарк чынжырчасын каржылоодо маанилүү ролду ойношот, анткени алар адатта каржылык кызматтарга кеңири мүмкүнчүлүккө ээ жана натыйжада өз берүүчүлөрүнө (поставщиктерге) каржы багыттай алышат. «Бай Алай» программасы бардык төрт сектордогу алдыңкы фирмалар менен тыгыз кызматташа тургандыктан, ушул алдыңкы фирмалардын берүүчүлөрү катары өндүрүүчүлөр жана чакан ишканалар үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө чоң потенциал бар. Ошондуктан, программа кошумча нарк чынжырчасын каржылоо максатында алдыңкы фирмалар менен каржылык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда байланыштарды түзөт.

Гендер, социалдык теңчилик (GSE) жана жаштар

Долбоор жаштар менен аялдардын катышуусун жана кирешесин максималдуу түрдө арттыргыдай кылып иштелип чыккан. Кошумча нарк чынжырчасын тандоо гендердик аспектилерди эске алуу менен жүргүзүлгөн. Тандалып алынган мал чарбачылыгындагы эки нарк чынжырчасында (ири мүйүздүү мал жана аарычылык) ролдор менен милдеттер дайыма эле үй-бүлөнүн белгилүү бир мүчөлөрүнө так таандык боло бербейт. Аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн экономикалык жактан натыйжалуу пайдалануу жана аларды рыноктук системаларга интеграциялоо үчүн Долбоор аларды жигердүү тартып, колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары, Хельветас жана Ага Хан Фонду аялдар менен жаштардын ролун күчөтүүнү кошо алганда, ГСРдин (Гендердик жана социалдык теңчилик) негизги принциптерин колдонууну улантууда. Долбоордун гендердик жана социалдык теңчиликти камсыздоо боюнча иш-аракеттери жети негизги принципке негизделет:

Маргиналдарды жана укуктары чектелгендерди тартууга умтулуу: 

Адам укуктарын сактоо менен бирге жергиликтүү маданиятка кылдат мамиле кылуу: 

Максаттуу интервенциялар (кийлигишүүлөр):

Эркектердин да, аялдардын да муктаждыктарын таануу жана пикирлерин уга билүү: 

Жалпы баалуулуктарга негизделген өнөктөштүк: 

Долбоордун ички уюштуруу түзүмүндө гендердик теңчиликти жана ар түрдүүлүктү күчөтүү: 

Мониторинг жана баалоо учурунда көндүмдөрдү жана билимдерди өркүндөтүү:

 


«МАДАНИЙ, АТ МЕНЕН САЯКАТТОО ЖАНА ТРЕККИНГ ТУРЛАРЫНЫН ГИД-КОТОРМОЧУЛАРЫН ДАЯРДОО БОЮНЧА ТРЕНЕР ҮЧҮН КЫСКАЧА КОЛДОНМО»
Жүктөө

Похожие записи

30.07.2026

«ГринТур» долбоору


Читать далее

Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясы (КАТО) туризм индустриясынын өсүшүн колдогон дени сак жана коопсуз чөйрөнү түзүү менен Кыргызстанда туруктуу туризмди илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө умтулат.


KATO © 2023. All Rights Reserved