Tourism «SafeTravels» -

Бүткүл дүйнөлүк саякат жана туризм кеңешинин (WTTC) глобалдык демилгеси

Кыргызстан туроператорлор ассоциациясы 2021-жылдын май айында Бүткүл дүйнөлүк саякат жана туризм кеңеши ((WTTC)) тарабынан Кыргызстанда «SafeTravels» белгисин сунуштоо жана ыйгаруу үчүн расмий түрдө бекитилген.
«SafeTravels» — бул саякаттоо үчүн COVID-19 чектөөлөрүнө байланыштуу түзүлгөн шарттарда Бүткүл дүйнөлүк саякат жана туризм кеңеши (WTTC) тарабынан жакында эле иштелип чыккан жана туризм дүйнөсүндө пайда болгон белги. Дүйнөнүн 130дан ашык өлкөсүндөгү туризм индустриясынын өкүлдөрү бул белгини тез арада аккредитациядан өткөрүп, алууга умтулуп жатышат. «SafeTravels» бул белги ыйгарылган туризм чөйрөсүндөгү компаниялар WTTCнин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Саякаттарды коопсуз уюштуруу боюнча глобалдык протоколдоруна шайкеш келген саламаттык сактоо протоколдорун жана сунуштамаларын сактоо менен иш алып барышарын билдирет. Бул белги Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм (UNWTO) жана Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) тарабынан таанылат.
КАТО WTTCнин коопсуз саякат протоколдорун колдоо менен бирге, COVID-19 мезгилинде коопсуз саякаттарды уюштуруу боюнча өзү иштеп чыккан сунуштамаларына таянып, Кыргызстандын туризм чөйрөсүндөгү бардык уюмдарын «SafeTravels» демилгесине кошулууга жана бул белгини алууга чакырат.

Бул демилге GIZдин "Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

«SafeTravels» белгисин алгандар
үчүн артыкчылыктар жана пайдалар:


Уюм коопсуз саякаттарды уюштуруу боюнча эрежелерди, ченемдерди жана сунуштамаларды сактай тургандыгын тастыктоо.
Уюмдун социалдык жоопкерчилик принциптерин колдогон жана карманган статусун тастыктоо.
Маркетингдик жана жарнамалык иш-чараларды өткөрүү учурунда белгини колдонуу мүмкүнчүлүгү.
Уюм жана анын кызматкерлери үчүн WTTCнин глобалдык протоколдоруна шайкеш келген, кызмат көрсөтүүнүн жогорку деңгээлин билдирүүчү имидждик статус.

«SafeTravels» белгисин кимдер жана кантип ала алышат, ошондой эле аны кантип колдонсо болот?


1
«SafeTravels» белгисин юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган туризм чөйрөсүндөгү уюмдар (туроператорлор, жайгаштыруу кызматтары, кафе жана ресторандар) ала алышат. «SafeTravels» белгисин алуу толугу менен ыктыярдуу укук болуп саналат жана бул белгини алууга жана колдонууга кызыкдар болгон уюмдун жеке демилгеси жана каалоосу боюнча ишке ашырылат.

2
Бүткүл дүйнөлүк саякат жана туризм кеңеши (WTTC) тарабынан иштелип чыккан коопсуз саякаттарды уюштуруу боюнча протоколдор менен таанышуу жана уюмдун бардык кызматкерлерин тааныштыруу зарыл.
3
Иш процесстеринде уюмуңуздун өзгөчөлүгүнө (туроператор, мейманкана кызматтары же укмуштуу окуялуу туризм) шайкеш келген протоколдорду кармануу.
5
Шилтеме аркылуу өтүп, уюмуңуздун өзгөчөлүгүнө шайкеш келген анкета-билдирмени толтуруңуз
 
 

 
 

 
6
Жөнөтүлгөн анкета-билдирме берилген күндөн тартып 2 жуманын ичинде каралат. «SafeTravels» белгисин ыйгаруу жөнүндө чечим уюмдун электрондук дарегине КАТОнун расмий каты аркылуу билдирилет.
7
Анкета-билдирмелерди кароодо жана «SafeTravels» белгисин ыйгарууда артыкчылык жана биринчи кезек КАТОнун мүчөлөрүнө берилет.