Коопсуздук — глобалдык жана барган сайын атаандаштык күчөп жаткан туризм индустриясында сапаттуу өнүмдөрдү (продуктыларды) жана кызматтарды көрсөтүүнүн маанилүү компоненти болуп саналат. Кардарлардын коопсуздукка болгон талабы өскөн сайын, эл аралык туроператорлор өздөрүнүн жергиликтүү операторлорунан тобокелдиктерди башкарууну көбүрөөк талап кылууда. Covid-19 пандемиясына байланыштуу туризм секторунда ден соолук жана коопсуздук маселелери алдыңкы планга чыкты. Жергиликтүү операторлордон ден соолукка жана коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу менен, тобокелдиктерди башкаруунун катаал ыкмаларын киргизүү жана көрсөтүү күтүлүүдө. Коопсуздук маданиятын өнүктүрүү — бул жалпынын биргелешкен аракети жана жоопкерчилиги.
Тобокелдиктерди жана коопсуздукту башкаруунун комплекстүү системалары төмөнкүлөрдү камтыйт:
Максаттарды коюу, операциялык план, үзгүлтүксүз окутулуп турган атайын адамдык ресурстар жана натыйжалуулукту туруктуу өлчөө менен коштолгон коопсуздук стратегиясы
– Коркунучтар менен тобокелдиктерди кылдат аныктоо жана баалоо
– Тобокелдиктерди алдын ала билүү жана азайтуу үчүн стандарттык операциялык процедураларды (SOP) жигердүү колдонуу
– Туроператор үчүн бардык актуалдуу сценарийлерди камтыган өзгөчө кырдаалдарга даярдык
– Мүмкүн болгон кырсыктар жана окуялар жөнүндө билдирүү (кабарлоо) системасы
– Турлардын коопсуздугун тынымсыз жогорулатуу үчүн күчтүү мониторинг жана баалоо системасы
KATO өз мүчөлөрүнүн арасында тобокелдиктерди жана коопсуздукту башкарууну илгерилетүү максатында маалымдуулукту жогорулатуу иштерин жана тренингдерди өткөрүп турат. Биргелешкен аракеттер жана коопсуздукка болгон бекем берилгендик Кыргызстандагы туристтер үчүн коопсуз эс алууну, ошондой эле турлардын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого өбөлгө түзөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн: https://www.riskmanagement4tourism.org/