
Биз жөнүндө
КАТО
— өз мүчөлөрүнүн корпоративдик кызыкчылыктарын жана алар тейлеген кардарлардын укуктарын коргогон коммерциялык эмес уюм.Ассоциация өзүнүн эң маанилүү милдети катары цивилизациялуу туристтик рынокту түзүүнү жана улуттук деңгээлде туризм индустриясынын өнүгүшүнө көмөктөшүүнү эсептейт.
КАТОнун миссиясы
— дүйнө жүзүндө колдонулган принциптерге жана стандарттарга негизделген, туризм тармагы үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, бул өз кезегинде аймактарда мындан аркы экономикалык өсүшкө жана гүлдөп-өнүгүүгө өбөлгө түзөт. — Жоопкерчиликтүү эс алууну, экологиялык туризмди, саякаттарды жана туризмди өнүктүрүү аркылуу айлана-чөйрөнү коргоого жана жаныбарларды сактоого, ошондой эле тарыхый, диний (сыйынуучу), маданий жана жаратылышты коргоо маанисине ээ аймактарды коргоого көмөктөшүү.


Негизги максаттары:
— туризмди Кыргыз Республикасынын экономикасынын алдыңкы тармагына айландыруу
— республиканын экономикасы үчүн туризмдин зор маанисине ылайык, эң жогорку деңгээлде анын андан ары өнүгүшүн колдоого жетишүү
— жумуш орундарын түзүү, улуттук маданияттардын өнүгүшүн кубаттоо, экологиялык окутуулар аркылуу туристтер үчүн жагымдуу климатты түзүү
— виза тутумун жана башка жол-жоболорду (формалдуулуктарды) жөнөкөйлөтүү
КАТО конкреттүү долбоорлорду — маркетингдик, билим берүүчүлүк, маалыматтык долбоорлорду ишке ашыруу менен да алектенет. Ассоциация күн сайын жаңылыктарды таратат, ар кандай жолугушууларды, тегерек столдорду, социалдык иш-чараларды ж.б. уюштурат.
КАТОнун түзүмүнө Президиум, Президент, Аткаруучу дирекция жана Ассоциациянын ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча комитеттер кирет
Ассоциациянын ишмердүүлүгү төмөнкүлөргө багытталган
Ассоциациянын мүчөлөрүнүн ишкердик ишмердүүлүгүн координациялоо
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер, бейөкмөт уюмдар менен өз ара аракеттенүү
Туристтик чөйрөдө жаңы ички стандарттарды жана кызматтарды иштеп чыгуу, өркүндөтүү жана жайылтуу (популярдуу кылуу)
Маалыматтык-телекоммуникациялык чөйрөдө региондук рыноктордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу
Кесиптик чөйрөдө Ассоциациянын мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара кызматташтыкты уюштуруу
Билим берүү, илимий жана көргөзмө программаларын, конференцияларды, форумдарды жана симпозиумдарды уюштуруу
Мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча сунуштарды, мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча демилгелерди иштеп чыгуу
Туристтердин агымын тартуу үчүн эл аралык көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышуу аркылуу Кыргызстандын имиджин илгерилетүү
Курчап турган жаратылышты сактоо максатында туризмдин туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү жана туризмде жаңы экологиялык технологияларды илгерилетүү
Мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюмдарда Ассоциациянын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо
Ассоциациянын мүчөлөрүнүн, ошондой эле Ассоциация менен кызматташкан туристтик жана башка ишмердүүлүктүн субъектилеринин иш-аракеттерин координациялоо жана кооперациялоо боюнча иш-чараларды уюштуруу
Сот органдарында, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде өзүнүн укуктарын жана өз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо
КАТОнун тренингдери
Туристтик компанияларды гиддер менен камсыз кылуу максатында, жаңы туристтик сезонго гиддерди даярдоо боюнча тренингдер жыл сайын өткөрүлүп турат

Тренингдер төмөнкүлөргө багытталган:
Туризм тармагында иштөөнү каалагандардын бардыгы үчүн;
Ошондой эле туристтик компанияларда стажер катары иш тажрыйбасы бар же гид катары баштапкы иш тажрыйбасына ээ болгондор үчүн; кандайдыр бир чет тилин билген жана коммуникациялык (баарлашуу) көндүмдөрү бар угуучулар кубатталат.
- Окууну аяктагандан кийин окуу программасын ийгиликтүү өздөштүргөн жана бүтүрүү сынактарын тапшырган студенттер төмөнкүлөргө ээ болушат:
- Тренингдерди ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификат
- Ошондой эле студенттерде КАТО гиддеринин аккредитациясынан өтүү мүмкүнчүлүгү болот
- Эң негизгиси – жайкы туристтик сезонго же туруктуу жумушка туристтик компанияларга жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү.
Курстун узактыгы: 2 ай

