«ГринТур» долбоору

Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы (КАТО) HELVETAS Intercooperation GGMBH, «Стихтинг — Нидерланды» Экологиялык жана айыл чарба туризми боюнча европалык борбору (ECEAT) жана Жамааттарга негизделген туризмдин кыргыз ассоциациясы (КАТОС) «Хоспиталити Кыргызстан» менен өнөктөштүктө 2020-жылдын май айынан баштап төрт жылдык «ГринТур Кыргызстан» долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун жалпы милдети — туризм секторунун туруктуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Кыргызстандын жашыл экономикага өтүшүнө көмөктөшүү. Конкреттүү максаты — туруктуу өндүрүш менен керектөөнүн далилденген тажрыйбаларын ыңгайлаштыруу жана киргизүү, кыйла жашыл өнүмдөрдү иштеп чыгуу, интеграцияланган ЧОИ (чакан жана орто ишкердик) жана глобалдык туристтик рынокто атаандаштык артыкчылыктарга ээ болуу менен кыргыз туризминин чоң туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Долбоор Европа Биримдигинин SWITCH-Asia программасы тарабынан каржыланат. Кененирээк маалыматты Хельветас сайтынан таба аласыз: : https://www.helvetas.de/en/what-we-do/how-we-work/all-helvetas-network-projects/Asia/Kyrgyzstan/kygyzstan-greentour

Грин Тур долбоору жөнүндө

Долбоордун жалпы милдети — туруктуу өндүрүш менен керектөөнүн далилденген тажрыйбаларын ыңгайлаштыруу жана киргизүү, кыйла жашыл өнүмдөрдү иштеп чыгуу жана атаандаштык артыкчылыктарга ээ болуу аркылуу туризм секторунун туруктуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен Кыргызстандын жашыл экономикага өтүшүнө көмөктөшүү болуп саналат.

Долбоордун багыттарынын бири — туроператорлорду Travelife платформасы — Туризмдеги туруктуулук боюнча демилге менен тааныштыруу.

Travelife менен Сиз бир катар артыкчылыктарга ээ болосуз: сиздин турөнүмдөрдүн экологиялык таасирин эсептөө куралдары (мисалы, «көмүртек изинин калькулятору»), туруктуу башкаруу боюнча отчетторду түзүү формалары, жеке коуч, онлайн-баалоо жана сертификациялоо, Сиздин бизнесиңиздин ар кандай чөйрөлөрү боюнча тренингдерге мүмкүнчүлүк:

 жоопкерчиликтүү гиддер,
гиддер жана туруктуулук,
таштандыларды башкаруу,
экологиялык жана социалдык жоопкерчиликтүү бизнес,
балдарды коргоо,
жаныбарларды коргоо,
кызматкерлердин тартылышы ж.б.

Платформа жана тренингдер менен https://www.travelife.info/ сайтынан тааныша аласыз.

Travelife Partner эл аралык сертификаттарын алган компаниялардын тизмеси: https://kato.kg/travelife-partners/

Похожие записи

30.07.2026

Бай Алай


Читать далее

Кыргызстандын туристтик уюмдар ассоциациясы (КАТО) туризм индустриясынын өсүшүн колдогон дени сак жана коопсуз чөйрөнү түзүү менен Кыргызстанда туруктуу туризмди илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө умтулат.


KATO © 2023. All Rights Reserved