Биздин ассоциация Кыргызстандагы эң ири туристтик ассоциациялардын бири болуп саналат, ал туроператорлордун башын бириктирет жана өлкөдө туризмди өнүктүрүү менен алектенет. Туроператорлордун кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле адамдарга жана айлана-чөйрөгө кам көрүү КАТОнун негизги артыкчылыктары болуп саналат. Ассоциация тарабынан көрүлүп жаткан иш-аракеттер туроператорлорго туристтик ишмердүүлүктүн айлана-чөйрөгө жана коомчулукка тийгизген терс таасирин азайтууга жана оң таасирин максималдуу арттырууга жардам берет.

Офис

Кагаз керектөөнү азайтуу 

  • Биз толугу менен электрондук документтерге өттүк; өнөктөштөр же мыйзамдар талап кылганда гана жана зарыл учурда гана басып чыгарабыз
  • Биздин кеңседеги басма машиналар демейки шартта эки тараптуу басып чыгарууга (же кагазды үнөмдөөнүн башка режимдерине) жөндөлгөн
  • Брошюраларды жана каталогдорду басып чыгарбайбыз

Биз кеңседе бир жолу колдонулуучу пластиктен толугу менен баш тарттык

  • Биз сууга арналган диспенсерлерди сатып алдык, муну менен пластик бөтөлкөлөрдү колдонууну токтоттук
  • Бизде кызматкерлер үчүн көп жолу колдонулуучу идиш-аяктар бар
  • Бир жолу колдонулуучу товарларды жана бир жолу колдонулуучу таңгактагы товарларды колдонууну жигердүү азайтып жатабыз
  • Тазалоочу каражаттарды кайра толтурула турган, көп жолу колдонулуучу таңгактарда сатып алабыз

Энергияны керектөөнү азайтуу

  • Энергияны керектөөнү көзөмөлдөйбүз жана азайтабыз
  • Бөлмөдө эч ким жок болгондо жарыкты өчүрөбүз. Кеңседен эң акыркы болуп чыккан кызматкер бардык нерсенин өчүрүлүшүнө жооптуу болот
  • Жабдуулар колдонулбай турганда аларды өчүрөбүз жана демейки шартта энергияны үнөмдөө режимине коюп коёбуз
  • Биздин кеңседеги бардык лампалар — энергия үнөмдөөчү лампалар
  • Заряддоо түзүлүштөрүн ичине аппарат салынбаган абалда розеткада калтырбайбыз
  • Бөлмөлөр жылууланган, терезелер заманбап айнек пакеттерден жасалган

Сууну керектөөнү азайтуу

  • Сууну керектөөнү көзөмөлдөйбүз жана азайтабыз
  • Крандардын жана сантехниканын бузук эместигине үзгүлтүксүз көз салып турабыз
  • Сууну үнөмдөөчү идиш жуугуч машинаны колдонобуз 

Таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүүгө берүү

  • Таштандыларды жок кылуу боюнча улуттук мыйзамдарды сактайбыз
  • Кайра иштетүүгө же биоажыроого мүмкүн болбогон таңгактоочу материалдардан качабыз
  • Кеңседе экинчилик чийки затты убактылуу сактоо үчүн аянтчаларды уюштуруу менен таштандыларды өз-өзүнчө чогултууну киргиздик жана таштандыларды кайра иштетүүгө тапшырабыз
  • Кайра иштетүүгө мүмкүн болгон бардык калдыктарды бөлөбүз, ошондой эле пластик, кагаз, айнек жана металлды чогултууну жана тийиштүү түрдө жок кылууну уюштурабыз

Кооптуу заттар менен жоопкерчиликтүү мамиле кылуу

  • Кооптуу болуп саналбаган тазалоочу материалдарды колдонобуз
  • Зыяндуу заттарды колдонууну азайтабыз жана алмаштырабыз, химикаттарды туура сактайбыз, колдонобуз жана жок кылабыз
  • Басып чыгаруу жана көчүрүү үчүн сыялуу картридждерди жана тонерлерди колдонууну азайтабыз
  • Саркынды сууларды тазалоо боюнча улуттук мыйзамдарды сактайбыз (биздин саркынды суулар мамлекеттик уюмдар тарабынан чогултулат)
  • Уюштуруу техникасын жана башка электр шаймандарын тандоодо электроника өндүрүүчүлөрдүн экологиялык рейтингине көңүл бурабыз
  • Батареяларды тийиштүү тартипте жок кылабыз

Сатып алууларды жоопкерчилик менен кылабыз

  • Зарыл болгон гана товарларды сатып алабыз
  • Жергиликтүү өндүрүштүн өнүмдөрүн жана кызматтарын, анын ичинде кеңсе товарларын, атүгүл кеңсе эмеректерин сатып алабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша, чакан жана үй-бүлөлүк жергиликтүү бизнести колдойбуз
  • Жаңы товарларды сатып алууда, баасын жана сапатын эске алуу менен энергияны аз керектөөчү жабдууларды тандайбыз
  • Сатып алууда биз компаниянын социалдык жоопкерчилигин жана репутациясын эске алабыз
  • Таңгактоочу материалдардын көлөмүн азайтуу үчүн кеңсеге керектүү продукцияны дүңүнөн (оптом) сатып алабыз
  • Өнөктөштөрүбүз жана кызматкерлерибиз үчүн корпоративдик белектерибизди жергиликтүү социалдык ишканалар жана жаш жергиликтүү ишкерлер даярдашат

Өнөктөш агенттиктер менен иштөөдө биз төмөнкү саясатты карманабыз:

  • Биз туруктуу өнүгүү боюнча жазуу жүзүндөгү билдирүүсү алардын бизнес-саясатынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана/же туруктуу өнүгүүнүн так саясаты бар уюмдар менен иштешүүнү туура көрөбүз
  • Өнөктөштөр туруктуу өнүгүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттарын, анын ичинде социалдык, экологиялык жана этикалык аспектилердеги мыйзамдарды сакташат деп күтөбүз
  • Өнөктөштөргө акылга сыярлык экологиялык ыкмаларды колдонууну жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын (чындыларын) минималдаштырууну сунуштайбыз
  • Биз өнөктөштөрүбүздүн туруктуу өнүгүүсүн үзгүлтүксүз баалап жана кубаттап турабыз