КАТОнун ЖЕТЕКЧИЛЕРИ

КАТО Ассоциациясына мүчөлүктүн артыкчылыктары
Ассоциацияга катышуу туристтик кызмат көрсөтүүлөр рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн жигердүү ишкердик өз ара аракеттенүү жана кызматташуу, Кыргызстандын ичинде жана андан тышкары жерлерде өз кызматтарын илгерилетүү контекстинде кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле Ассоциацияга мүчө-компаниянын уюшулган туристтик коомчулукка интеграцияланышына өбөлгө түзөт
Ассоциацияга мүчөлүк эмнелерди берет?
Мамлекеттик, коомдук жана ишкердик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү маселелеринде бүтүндөй туристтик кызмат көрсөтүүлөр рыногунун жана өзгөчө Ассоциациянын ар бир мүчөсүнүн кызыкчылыктарын коргоо;
Туризм рыногунда катышуучу-компаниялардын кызыкчылыктарын макулдашылган түрдө илгерилетүү;
Катышуучу-компаниянын имиджин жана ишкердик репутациясын чыңдоо;
Ассоциация тарабынан уюштурулган долбоорлорго жана иш-чараларга катышуу;
Ассоциациянын басмакана ишмердүүлүгүнө катышуу;
Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү;

Ассоциациядагы өнөктөштүк
Ассоциациянын өнөктөштөрү — бул мүчөлүк акы төлөбөстөн катышкан, добуш берүү укугуна жана толук укуктуу мүчөнүн башка артыкчылыктарына ээ болбогон ассоциациянын катышуучулары болуп саналат.
Коомдук уюмдар, тармактык бирикмелер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик түзүмдөр жана медиа өнөктөштөр ассоциациянын өнөктөштөрү боло алышат.
Ассоциациянын өнөктөштөрү бардык мүмкүн болгон жолдор менен ассоциацияны, ошондой эле жалпы эле Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү колдошот, ага катышышат жана популярдуулугун арттырышат (жайылтышат).






















































































