КЫШКЫ ТУРИЗМ КИТЕПКАНАСЫ
Кыргыз Республикасында кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча Швейцария долбоорунун / Хельветас-Кыргызстан уюмунун колдоосу менен КР Экономика жана каржы министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргызстан туроператорлор ассоциациясы (КАТО) менен биргеликте туристтик медиа ресурсту же Кышкы туризм китепканасын (Winter Tourism Kyrgyzstan (WTK) Library) иштеп чыгышты.
Бул ресурста долбоордун алкагында даярдалган жана жалпыга жеткиликтүү колдонуу үчүн ушул жерге топтолгон Кыргызстан жөнүндөгү кесипкөй фото жана видеоматериалдар сунушталган. Бүгүнкү күндө китепканада Кыргызстандагы кышкы туризмдин түрлөрү жөнүндө 5000ден ашык кесипкөй деңгээлде тартылган сүрөттөр, ошондой эле кызыктуу туристтик өнүмдөр (продуктылар) жана кышкы эс алуунун укмуштуудай жерлери тууралуу видеороликтер чогултулган.
WTK долбоору менен биргеликте биз онлайн китепкананы Кыргызстандагы кышкы туризм жөнүндөгү материалдар менен толтурууну улантабыз жана сиздерди өзүңүздөрдө бар маалыматтар жана материалдар менен бөлүшүүгө чакырабыз.
Кыргызстанды жана анын аймактарын тышкы, ошондой эле ички туристтердин арасында кышкы сезондогу кызыктуу эс алуу жайлары катары андан ары илгерилетүү үчүн бул ресурстагы сүрөттөрдү жигердүү колдонууга чакырабыз. 2021-2022-жылдардын кышкы сезонуна даярданууну баштайбыз!
Китепканага шилтеме: https://wtk.kato.kg/ru




