Бул документ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 29-майындагы № 352 буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-жылдын 29-майындагы № 192 “Туризм чөйрөсүндө коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде, ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн эл аралык тажрыйбасына таянган эксперттердин сунуштамаларынын жана ДССУнун (бүгүнкү күндө жеткиликтүү болгон) COVID-19 оорусунун жайылышы боюнча сунуштамаларынын негизинде даярдалган. Ошондой эле, GIZдин «Кыргызстанда туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоору жана Кыргызстан туроператорлор ассоциациясынын мүчөлөрү тарабынан берилген маалыматтык материалдар колдонулган.
Документ туризм секторунун катышуучулары (транспорт, кафе жана ресторандар, мейманканалар, конок үйлөрү жана боз үй шаарчалары) үчүн иштелип чыккан жана анда сунуштамаларды мүмкүн болушунча так аткаруу сунушталат. Бул сунуштамалар өндүрүштүк студия үчүн туризм чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчүлөргө багытталган бир катар кыскача практикалык видеолорду иштеп чыгууда негиз катары колдонулат.